Энергетика министри Душанбеде CASA-1000 долбоору боюнча жыйынга катышты
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Душанбе шаарында Борбор Азиядан Түштүк Азияга CASA-1000 электр энергиясын берүү долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты.
Ведомстводон маалымдашканда, жыйынга Кыргызстан, Таджикстан, Афганистан жана Пакитан өлкөлөрүнүн энергетика министрлери жана энергокомпаниялардын тийиштүү жетекчилери катышып, CASA-1000 долбоору боюнча банктын эсебин бекитүү, техникалык Кодекс жана башка бир катар маселелер каралды.
Отурумдун жүрүшүндө Таалайбек Ибраев CASA-1000 энергетика тармагындагы орду чоң долбоор экенин баса белгиледи.
“CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында 346 тирөөч курулуп, 456 км электр өткөргүч линияларынан турган заманбап энергетикалык инфраструктура курулган.
Кылымдын бул амбициялуу долбоору Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы баракты ачып, коңшулук мамилелерди чыңдоого, калктын бакубаттуулугун жакшыртууга, региондо энергетикалык коопсуздукту жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Биргелешкен аракеттер менен 2027-жылга чейин бардык участоктордо CASA-1000 долбоорун ишке ашырууну жыйынтыктайбыз жана долбоордун энергетикалык инфраструктурасын ишке киргизүү менен региондун бардык өлкөлөрү жашыл энергияны алышат деп ишенем”, – деди ал.
Жыйындын соңунда долбоор боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин резолюциясына кол коюлду.
Кол коюлган документтин негизги максаты – CASA-1000 долбоорун коммерциалык ишке киргизүүсун тездетүүгө багытталган.
Маалымат үчүн: CASA-1000 – бул Кыргызстан негизги ролдордун бирин ойногон масштабдуу аймактык долбоор. Ал Кыргызстанда жана Тажикстанда өндүрүлгөн экологиялык таза ГЭСти Түштүк Азия өлкөлөрүнө Ооганстан менен Пакистанга экспорттоого багытталган.
Биздин өлкөдөгү долбоор заманбап энергетикалык инфраструктураны, анын ичинде 500 кВ электр өткөргүч линияларын жана «Датка» көмөкчордонундагы жаңы уячаны курууну камтыйт. Кыргызстандын эбегейсиз зор гидроэнергетикалык потенциалы бар, анын көбү пайдаланылбай келет.
CASA-1000 биздин электр энергия үчүн жаңы экспорттук рынокту ачып, төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- валютада туруктуу киреше алуу;
- улуттук электр тармагын модернизациялоо;
- инфраструктураны өнүктүрүү;
- энергетикалык коопсуздукту чыңдоо ж.б.
Долбоор ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүп, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.