Энергетика министри: 2025-жылга пландалган 500,1 акылдуу эсептегичти орнотуу иштери өз убагында аткарылышы керек

 Энергетика министри: 2025-жылга пландалган 500,1 акылдуу эсептегичти орнотуу иштери өз убагында аткарылышы керек

Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызстан УЭТ» ААКна тийиштүү Электр тармактар ишканаларынын жана Райондук электр тармактарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Анда электр менен камсыздоону санариптештирүү жана автоматташтыруу программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме болуп өттү, анын алкагында жакынкы аралыкта республика боюнча Дүйнөлүк банк аркылуу алынган 500,1 миң акылдуу эсептегичтерди орнотууну баштоо пландалууда.
КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, электр менен камсыздоону санариптештирүү жана автоматташтыруу процессин улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле аткарылып жаткан иштер электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана абоненттерди тейлөө сапатын жогорулатарын билдирди.

Жыйында энергетика министри Т.Ибраев төрт маселеге токтолду.
1- Дүйнөлүк банк менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында быйыл 500,1 миң акылдуу эсептегич алуу пландалган. Учурда 50 миң даана акылдуу эсептегич келип түштү. Бул акылдуу эсептегичтерди Райондук электр тармактарына бөлүштүрүп берип. Жыл аягына чейин орнотуу иштерин жүргүзүп, энергетикалык жоготууларды жою керектигин тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

2- 2025-жылдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетиктерди шатттык режимже иштөөнү тапшырды. Кыш мезгили ортолоп калганы менен аба ырайынын төмөндөп, керектө көп болуп жатканын баса белгилеп, жабдуулар авариялык абалга кабылбашы үчүн алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүп туруу керектигин эскертти.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгон акылдуу эсептегич приборлорун орнотуу “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКга эсеп-дүмүрчөктөрдү он-лайн жазып берүү системасын, керектелген электр энергиясы үчүн Онлайн-төлөмдөрдү жана онлайн-кошууларды киргизүүгө гана эмес, эскирген жабдууларды модернизациялоо боюнча көп иштерди жүргүзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, энергообъектилерди башкаруу процесстерин автоматташтырууга да мүмкүндүк берет.

Жаңы эсептегичтер “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”ААКнын каражаттарынын эсебинен абоненттерге акысыз орнотулат. Бүгүнкү күндө компания 450 миңден ашык заманбап эсепке алуу шаймандарын орноткон. 2026-жылдын аягына чейин компаниянын бардык абоненттери үчүн “акылдуу” эсептегичтерди орнотууну аяктоо пландаштырылууда.

3- Министр 2024-жылы болуп өткөн 3-Элдик курултайда энергетика тармагы боюнча көтөрүлгөн маселелерди убагында аткаруу жана керектүү жабдууларга тийиштүү каражат маселесин чечүүнү «Кыргызтан УЭТ» ААКтын жетекчилигине тапшырды.

4- Энергетика тармагы боюнча калктан түшкөн көйгөйлуүү арыздарга, каттарга жана кайрылууларга убагында реакция кылуу керетигин эскертти. Энергетика министри ар бир кайрылган жаран жоопсуз калбаш керектигин баса белгиледи. Аны менен катар айрым айтылган сындар жана кайрылуулар аркылуу энергетика тармагы туура багытка өзгөрөөрүн энергетиктер эске алуу керектигин айтып өттү.

Жыйынга КРнын энергетика министри Т.Ибраев, министрдин орун басары К.Өмүрбеков, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңеши Атантай Турдубаев, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, ЭТИнин жетекчилери жана ишкананын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын соңунда министр Т.Ибраев 2025-жылга коюлган ар бир план өз убагында, кечиктирилбестен аткарылуусу керектигин тийиштүү жетекчилерге эскертти. Ошондой эле ал жыл башында энергетиктердин мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Связанный пост