Эми жеке ишкерлерди кайра каттоо күнү-түнү жеткиликтүү
Жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Эми жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат.
Сервис төмөнкү операцияларды камтыйт:
- юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка районго өткөндө);
- салыктык каттоо районун өзгөртүү;
- салык режимин жана реквизиттерин өзгөртүү;
- ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.
Арызды кароо мөөнөтү мурда эки-үч жумушчу күн болсо, эми болгону 5-10 мүнөттү гана талап кылат.
Кызмат күнү-түнү — 24/7 режиминде иштейт. Ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн каалаган бурчунан жеткиликтүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси толугу менен автоматташтырылган.