Эми салык карызыңыз жөнүндө билдирүү телефонго келет

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карыздары жана маанилүү билдирүүлөр тууралуу ыкчам жана ыңгайлуу маалымат берүү үчүн уюлдук байланыш операторлору менен кызматташууну жөнгө салууда.
Ведомстводон билдиришкендей, мындай кызматташуу жеке жана юридикалык жактардын салыктык карыздарынын абалы, ошондой эле салыктык башкаруу процессинде салык органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Салык төлөөчүлөргө маалымат жөнөтүү жол-жобосунун алкагында, салык инспектору билдирүү чыгарганда ал автоматтык түрдө:
1) сabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине;
2) салык төлөөчүгө жөнөтүү үчүн уюлдук байланыш операторлоруна тексттик билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.
Маанилүү: уюлдук операторлор билдирүүлөрдүн текстин өзгөртпөй, Салык кызматы жибергендей жөнөтүшөт.
Мисалы, билдирүү КР МСК
Жөнөткөн: GNS KR
“Урматтуу салык төлөөчү [аты-жөнү же уюмдун кыскартылган аталышы], сиз [Биринчи май] району боюнча МСКБга карызыңыз бар. Сиздин жеке кабинетиңизге карызды төлөө жөнүндө билдирүү жөнөтүлдү. Мажбурлап өндүрүп алуу чараларын колдонуунун алдын алуу үчүн жеке кабинетиңиз же өзүңүз каалаган банк мекемеси аркылуу карызыңызды төлөөңүздү суранабыз”.
Көңүл буруңуз:
– Расмий жөнөтүүчүнүн аталышы: GNS KR
– Билдирүүлөрдө шилтемелер, телефон номерлери же башка байланыш маалыматтары болбойт;
– Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жалпы билдирүү жиберүү үчүн үчүнчү жактын кызматтарын же платформаларын колдонбойт.
Жарандардан сак болууну, жөнөтүүчүнүн расмий аталышы жазылган билдирүүлөргө гана ишенүүнү жана салык төлөөчүнүн кабинетиндеги маалыматты өз убагында текшерүүнү суранабыз.
Салык кызматы салыктык башкаруунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чараларын улантат.