Эми “Менин шаарым” тиркемеси интернетсиз да иштейт

 Эми “Менин шаарым” тиркемеси интернетсиз да иштейт

Эми MEGA улуттук уюлдук байланыш операторунун абоненттери “Менин шаарым” тиркемесин интернет-балансы жок болгон учурда дагы колдоно алышат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бул шаар тургундарына маанилүү муниципалдык кызматтарды ыңгайлуу санарип форматында пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Тиркемеде төмөнкү сервистер жеткиликтүү:

  • “Кайрылуулар” — муниципалдык маселелер боюнча арыздарды жана билдирүүлөрдү жөнөтүү;
  • “Транспорт” — коомдук транспорттун жайгашкан жерин аныктоо;
  • “Эвакуатор” — эвакуацияланган унаалар тууралуу маалымат алуу жана башка сервистер.

Связанный пост