Эми майыптыкты таануу жөнүндө маалымкат Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү

 Эми майыптыкты таануу жөнүндө маалымкат Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү

Өлкөдө майыптыкты таануу жөнүндө маалымкат алуу процедурасы толугу менен электрондук форматка өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Жыл сайын Эмгек министрлигине караштуу медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын майыптуулук боюнча маалымкатын 55 миңге жакын жаран алып келет.
Эми 100 күндүк Өкмөттүк акселератор программасынын алкагында бул процесс автоматташтырылды.

Кантип иштейт?

Жаран жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылат.
Организмдин функцияларынын бузулушун диагноздоодон жана ырастоодон кийин, негиздер болгон учурда дарыгер МСЭКке электрондук жолдомо түзөт (088 формасы).
Бардык керектүү документтер (күбөлүктөр, паспорттор, медициналык корутундулар ж.б.) жарандын катышуусуз эле электрондук түрдө жиберилет.
Күбөлөндүрүү датасы белгиленет-анатомиялык дефекттер болгондо (мисалы, ампутация) ал жеке катышуусуз эле онлайн өтүшү мүмкүн.

Буга чейин жарандарга алтыга чейин ар кандай саалымакаттар (справкалар) тапшырылса, азыр алар бирдиктүү санариптик справкага бириктирилди. Ошондой эле реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программалары электрондук форматка өткөрүлүп, “Түндүк”системасы аркылуу жеткиликтүү.

“Эми кезекке туруп, документтерди чогултуп, татаал баскычтардан өтүүнүн кажети жок. Баары автоматташтырылган — биз жарандардын убактысын үнөмдөп, жашоосун жөнөкөйлөтүп жатабыз”, – деп белгиледи Эмгек министрлиги.

Бул реформа пилоттук негизде өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылды жана социалдык кызматтарды санариптик трансформациялоо стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Связанный пост