Эми бюджеттик кредиттерди кайтаруу ишин Ишкердикти өнүктүрүү фонду жүргүзөт

Финансы-кредиттик фонддон Ишкердикти өнүктүрүү фондуна карыздарды өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Финансы-кредиттик фонддун базасында “Мамлекеттик каржылык холдинг” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтомуна ылайык, мамлекетке карыз болгон зайымчылардын документтерин өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү документине кол коюлду.
Эми бюджеттик кредиттерди кайтаруу ишин Ишкердикти өнүктүрүү фонду жүргүзөт. Каржылык-кредиттик фонддун насыя алуучулары кайтарган каражаттарды фонд кайрадан кредит катары берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле фонд бул акчаларды 20 жылга чейин пайдаланууга укуктуу болуп, андан соң каражаттар мамлекеттин бюджетине кайтарылып берилет.
Өткөрүп берүү актын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каржылык холдингдин төрагасы Элдияр Доолбеков тапшырды. Аларды кабыл алган тараптан Ишкердикти өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Ишенбек Медетов кол койду.
Ишкердикти өнүктүрүү фондуна өткөрүлгөн жалпы карыздардын суммасы 2 млрд 658 млн 665 миң сомду түздү. Бул 18 миң 414 насыя алуучунун карызы.
Жыйындын соңунда Элдияр Доолбеков Ишкердикти өнүктүрүү фондунун учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, мындан аркы иштер боюнча пикирин жана сунуштарын билдирди.