Эми болочок айдоочулар медициналык маалымкатты онлайн ала алышат

Өлкөдө айдоочулук күбөлүк алуучуларга медициналык маалымкатты онлайн берген жаңы электрондук мамлекеттик кызмат ишке кирди.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эми Кыргызстандын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат. Муну менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду.
Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга жөнөтүлүп, бул ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту камсыз кылып, жасалмалуулуктан коргойт.
Онлайн кызмат “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.
Жаңы кызматтын артыкчылыктары:
- маалымкат алууну жөнөкөйлөтүү — бардык этаптар санарип медициналык карта алкагында жүргүзүлөт;
- кагаз документтердин жүгүртүүсүн азайтуу жана маалыматтарды берүүдө адам факторун жокко чыгаруу;
- ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу.
Бул кызматты киргизүү саламаттык сактоо тармагындагы бирдиктүү санарип мейкиндикти өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашты. Медициналык адистердин кароосунан өткөндүгү боюнча маалыматтар корголгон маалыматтык система аркылуу катталып, иштетилет.
“Бул — Санарип MED максаттуу моделин ырааттуу ишке ашыруунун кезектеги кадамы. Ал жарандар менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Натыйжада мамлекеттик кызматтар жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк, натыйжалуураак жана коопсузураак болууда”, — деди саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Н.Аднаева.
Белгиленгендей, онлайн маалымдаманы ишке киргизүү демилгеси мамлекеттик башкарууда санариптик инновациялар менен чечкиндүү чечимдерди киргизүүгө багытталган “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашты.