Эми аты-жөнүн өзгөртүү онлайн форматта мүмкүн болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жарандар үчүн жаңы кызматтын ишке киргенин маалымдайт: эми ФИОну — фамилияны, ысымды же атанын ысымын — өзгөртүү үчүн арызды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн тапшырууга болот.
Арыз берүү тартиби:
- «Түндүк» тиркемесинен «Аты-жөнүн өзгөртүү» кызматын тандоо;
- Өзгөртүү негизделген күбөлүктүн түрүн көрсөтүү;
- Жаңы аты-жөнүнүн маалыматтарын киргизүү;
- Зарыл болгон башка маалыматтарды толтуруу;
- Керек болсо жеткирүү жолун тандоо;
- Фотоидентификациядан өтүү;
- Булуттук электрондук кол тамга менен арызга кол коюу;
- Арыз каралгандан кийин төлөм жүргүзүү (MegaPay аркылуу).
Арызды кароо мөөнөтү — 3 же 10 иш күнү, күбөлүктүн түрүнө жараша. Жеткирүүнүн баасы — 142 сом. Кызматтын баасы күбөлүктүн түрүнө жана жеткирүү тандоосуна жараша өзгөрөт.
«Биз мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган ишти улантып жатабыз. Бул жаңы кызмат адамдардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик органдарга барбай эле керектүү процедураларды онлайн жүргүзүүгө шарт түзөт», — деп белгиледи «Кызмат» ММнин директору.
Кызмат күнү-түнү, жуманын жети күнү онлайн жеткиликтүү — кезексиз, кагаз иштерсиз.
Бул кызмат санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды.