Эми айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” тиркемеси аркылуу алмаштырса болот

 Эми айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” тиркемеси аркылуу алмаштырса болот

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми айдоочулук күбөлүктү жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Кызматты кантип пайдалануу керек?

  • “Түндүк” тиркемесин ачыңыз. Онлайн алмаштыруу үчүн тиркемеге 083-формадагы медициналык маалымкат алдын ала жүктөлгөн болушу керек. Маалымкатсыз өтүнмө кабыл алынбайт;
  • “Кызматтар” бөлүмүнө кириңиз, андан соң “Автотранспорт жана вождение” бөлүмүн тандаңыз;
  • “Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга өтүнмө берүү” кызматын тандап, өтүнмө жөнөтүңүз;
  • Тиркемеден жеке маалыматтарды тактап чыгып, “андан ары” баскычын басыңыз.
  • Айдоочулук күбөлүктү берүүчү уюмду тандап, колдонуу максатын белгилеңиз (алмаштыруу, жоготуу ж.б.);
  • Жеткирүү ыкмасын тандаңыз: – “ооба” — курьердик жеткирүү (дарегиңизди жана индексиңизди көрсөтүңүз), – “жок” — даяр күбөлүктү өзүңүз барып аласыз.
  • Тиркеме аркылуу сүрөткө түшүңүз. Талаптар: камерага түз кароо, бетте жана кийимде көлөкө болбоосу, жарык, так сапат, баш кийимсиз (жоолукка уруксат берилет)
  • Төлөм жүргүзүү: Бардык төлөмдөр QR-код аркылуу аткарылат. Тиркеме автоматтык түрдө QR-код түзүп берет, аны каалаган төлөм колдонмосу аркылуу сканерлеп төлөй аласыз.

Жыйынтыгында 2–3 иш күнү ичинде жаңы айдоочулук күбөлүк даярдалат. Документти алууда эски айдоочулук күбөлүктү тапшыруу милдеттүү экени айтылды.

Связанный пост