Эмгек министрлигинин соцмекемелеринде 2 399 жаранга кызмат көрсөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 17 социалдык стационардык мекемесинде 2 399 жаранга кызмат көрсөтүлөт.
Ведомстводон маалымдашкандай, аталган мекемелер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Бүгүнкү күндө, стационардык мекемелерде жалпысынан 2 399 кызмат алуучу бар. Анын ичинен улгайган жарандардын жана майыптуулугу бар жарандардын саны – 504.
– Б. Салиева ысымындагы Нижняя-Серафимовкадагы улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ССМинде – 289 адам;
– Бакай-Атадагы жалпы типтеги улгайган жана ДМЧ жарандардын ССМинде – 78 адам;
– Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ССМинде – 15 адам;
– Сузактагы улгайган жана майыптыгы бар жарандардын жалпы типтеги ССМинде – 97 адам;
– Токтогулдагы жалпы типтеги улгайган жана майыптыгы бар жарандардын “Кара-Каш” ССМинде – 25 адам.
Министрлик социалдык мекемелерди стационардык жардамга муктаж жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.