Эмгек министрлигинде 233,5 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

 Эмгек министрлигинде 233,5 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жалпы суммасы 233 464,6 млн сомдук мыйзам бузуулар жана каржылык кемчиликтер аныкталгандыгын билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде аталган министрликте жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудит учурунда бир катар кемчиликтер табылган.

Белгиленгендей, аудиттин жүрүшүндө финансылык мыйзам бузуулар, бюджеттин резервдеринин жоготуулары, каражаттарды максаттуу пайдаланбоо жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзам бузуулар аныкталган.

Ошондой эле эсептөө палатасы бюджеттик каражаттардын сарпталышы министрликтин ишмердүүлүгүндө олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгилейт.

Финансылык бузуулар — 13,3 млн сомду түзөт. Анын ичинде товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу, иш сапар (командировкалык) чыгымдарды негизсиз эсептен чыгаруу, бухгалтердик эсепте көрсөтүлбөгөн дебитордук карыздар, бюджеттин резервдери жана башка жоготуулары бар.

“Андыктан Эсептөө палатасы министрликке аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү, каржылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу механизмдерин жакшыртуу, мамлекеттик сатып алуулар процессин ачык-айкын жүргүзүү жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча бир катар сунуштарды берди. Аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлмөкчү” – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост