Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 630 адам ишке орноштурулду

 Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 630 адам ишке орноштурулду

Жыл башынан бери 7630 жумушсуз ишке орноштурулду, алардын 4 570и аялдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2024-жылдын 1-июлуна салыштырмалуу 17 пайызга өскөн.

Белгиленгендей, жыл башынан бери министрликтин аймактык башкармалыктарынын ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө 72 804 адам кайрылган (алардын ичинен 36 734 аял).

Кайрылуулар жумушка орношууга көмөктөшүү, эмгек мыйзамдары, кыска мөөнөттүү кесиптик окутуулар жана кесип тандоо маселелери боюнча болду.

Активдүү чаралардын бири болгон акы төлөнүүчү коомдук иштерге 5 738 (2866 аял) адам жиберилип, алар жер-жерлерде айыл аймактардын айлана чөйрөсүн жана арыктарды тазалоо, бала-бакчаларды, мектептерди оңдоп түзөө, жайыттарды тозуу иштери жана башка ушул сыяктуу иштерге катышты.

Эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында 3 824 адам (2 449 аял) кесиптик окуудан өтүштү. Алардын 62 пайызга жакыны алган адистиги боюнча жумуш тапкан.

“Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Өзгөн жана Чүй облусунун Сокулук райондорунда кесипке багыт берүүчү борборлор иштеп жатат. Жыл башынан бери борборлордо 40 404 адам (16 599 жумушсуз жана 23 805 бүтүрүүчү) консультация алышты, аларга кесип тандоодо негиздүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост