Эмгек министрлиги: Жарым жылда 70 миңден ашуун наристе “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алды

 Эмгек министрлиги: Жарым жылда 70 миңден ашуун наристе “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алды

Ушул жылдын 1-июлуна карата 70 849 бала “балага сүйүнчү”бир жолку төлөмүн алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнүн өлчөмү ар бир бала үчүн 4000 сомду жана үч эм же андан көп төрөлгөндө учурда ар бир бала үчүн 50 000 сомду түзөт.

Каржылоонун жалпы суммасы 284 499,0 миң сомду түздү.

 

Эмгек министрлигинде “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши керектигин эскертет. Каражаттар арыз берилгенден кийин 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке салынат. Жаран акча каражаттарын РСК жана Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу кайрылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алууга тийиш. Арызды толтурууда мобилдик телефондун туура номерин көрсөтүү зарыл экенин эстен чыгарбоо керек, анткени акча которулгандан кийин банк аркылуу байланыш номерлерине СМС-билдирүү жөнөтүлөт.

Связанный пост