Эмгек министрлиги: Жарандар менен 1 286 социалдык контракт түзүлдү

 Эмгек министрлиги: Жарандар менен 1 286 социалдык контракт түзүлдү

1-июлга карата жарандар менен 1 286 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдө жалпысынан аз камсыз болгон 13 333 үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгуу жана кирешесин жогорулатуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө социалдык контракт алууга мүмкүнчүлүк берилди.

Келишимдин алкагында жарандар туруктуу чарба жүргүзүү жана өз алдынча киреше алуу үчүн коштоо жана окутуудан өтө алышат.

Социалдык контракт үй-бүлөлөргө жеке ишкердигин ачууда, көмөкчү чарбаны өнүктүрүүдө, жумуш менен камсыз кылуу үчүн жабдууларды жана шаймандарды сатып алууда колдоо көрсөтүүгө багытталган.

“Учурда үй-бүлөлөр киреше долбоорлорун ишке киргизүү үчүн алынган каражаттарды өздөштүрө башташты”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост