Эмгек министрлиги Россияда 17,6 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди

 Эмгек министрлиги Россияда 17,6 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди
2024-жылдын төрт айында 451 кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төлөнбөгөн эмгек акылары боюнча кайрылган. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 267 кыргызстандыкка кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди. Москва жана Иркутск облустарында жана Красноярск аймагында иштеген жарандарга жардам көрсөтүлдү. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 17 660 200 рублди түзгөн.
Өкүлчүлүк эмгек келишиминин жоктугу кызматкердин эмгек укуктарын, анын ичинде эмгек акы алуу укугун коргоодо олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн экенин эскертет.
Эмгек акы төлөнбөгөн учурда, өндүрүштүк травмадан улам ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана башка компенсациялар үчүн Россия Федерациясында жүргөн кыргызстандыктар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаары боюнча өкүлчүлүгүнө кайрылса болот. Дареги: Москва ш, Малая Поляна көч, 7 үй, 5 – корпус, тел.: 8 495 197 76 71; +7 925 030 26 27 (whatsapp).

Связанный пост