Эмгек министрлиги май айындагы майрам күндөрү иштөө тартибин эскертти

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы майрамдык күндөрдүн алдында иш берүүчүлөргө жана кызматкерлерге эмгек мыйзамдарынын жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө тартибин жөнгө салган жоболорун эскертет.
2025-жылдын май айындагы жумуш эмес майрам күндөрү.
Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, май айында төмөнкү жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген:
• 1–4, 6–8-май — май каникулдары;
• 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;
• 9-май — Жеңиш күнү.
Жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөөгө качан уруксат берилет?
Эмгек кодексинин 67-беренеси мындай күндөрү кызматкерлерди ишке тартууга тыюу салат. Иштөө төмөнкү учурларда гана уруксат берилет:
1. Өзгөчө кырдаалдарда (апааттар, табигый кырсыктар, мүлктүн жоголуу коркунучу ж.б.).
2. Тынымсыз иштөөнү талап кылган тармактарда (мисалы, энергетика, транспорт, коммуналдык кызматтар).
3. Калкты тейлөө чөйрөсүндө (медицина, коомдук транспорт, атайын уруксат менен иштеген дүкөндөр).
4. Жеке эрежелер боюнча – чыгармачыл кызматкерлер, спортчулар жана ММК өкүлдөрү.
Жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана мүмкүн. Кош бойлуу аялдар жана майып адамдар ишке медициналык каршылыктар жок болгондо учурда гана тартылышы мүмкүн.
Жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө кандайча компенсацияланат?
Эмгек кодексинин 67-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, иш берүүчү төмөнкү компенсацияны камсыздашы керек:
• ар бир иштеген майрам күнү үчүн кош төлөм, же
• кызматкер менен макулдашуу аркылуу кошумча эс алуу күнү.
Өргүү убагы жумуш эмес майрам күндөргө туш келсе эмне болот?
Эмгек кодексинин 70-беренесине ылайык, эгерде кызматкердин өргүүсү жумуш эмес майрамдык күндөргө туш келсе, бул күндөр өргүүнүн календардык күндөрүнүн санына киргизилбейт жана төлөнбөйт.
Мисалы, кызматкер өргүүгө 10-апрелде чыккан болсо, анда анын өргүүсү 7-майда эмес, 16-майда аяктайт, анткени 1-майдан 9-майга чейинки күндөр жумуш эмес майрамдык күндөр болуп саналат.