Эмгек министрлиги: 8,5 миң үй-бүлө мамлекет менен соцконтракт түздү

 Эмгек министрлиги: 8,5 миң үй-бүлө мамлекет менен соцконтракт түздү

Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Аймактар боюнча бөлүштүргөндө, ал төмөнкүдөй:

 

Баткен облусу – 585 үй-бүлө,

Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө,

Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө,

Нарын облусу – 820 үй-бүлө,

Талас облусу – 915 үй-бүлө,

Чүй облусу – 821 үй-бүлө,

Бишкек шаары – 101 үй-бүлө,

Ош облусу – 2422 үй-бүлө,

• Ош шаары – 95 үй-бүлө,

Министрликтен белгилешкендей, социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кичи бизнести өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон ала алышат.

Связанный пост