Эмгек министрлиги 2026-жылдагы майрам күндөрдү бекитти

 Эмгек министрлиги 2026-жылдагы майрам күндөрдү бекитти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдагы эс алуу жана майрам күндөрдү бекитти.

Эмки жылы төмөнкү мамлекеттик майрамдар белгиленет:

  • 1-январь – Жаңы жыл;
  • 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү,
  • 8-март – Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март – Нооруз;
  • 7-апрель – Апрель революциясы күнү;
  • 1-май – Эмгек майрамы;
  • 5-май – Конституция күнү;
  • 9-май – Жеңиш күнү;
  • 31-август – Эгемендүүлүк күнү;
  • 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.

Эс алуу күндөрү төмөнкүлөр:

  • 1–6-январь — жаңы жылдык каникулдар;
  • 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Нооруз;
  • 1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май — май каникулу;
  • 5-май — Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү;
  • 31-август — Эгемендүүлүк күнү.

Ошондой эле Орозо айт, Курман айт жана 7-январь – Рождество майрамы эс алуу күндөрү болот.

2026-жылы кыскартылган иш күндөрү аныкталды, алар: 20-март, 30-апрель, 31-декабрь.

Мындан тышкары, 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү жана 7-8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнү майрамдарында иш күнүн убактысы кыскартылат.

Бул календарь уюмдардагы иш убактысын пландоого жардам берет.

Связанный пост