Эмгек министрлиги: 2024-жылы Социалдык контракт программасынын багыттарынын бири аарычылык болот

 Эмгек министрлиги: 2024-жылы Социалдык контракт программасынын багыттарынын бири аарычылык болот
Эмгек министрлиги 2024-жылы берилүүчү Социалдык контракттын алкагында жарандарга багыт берүү максатында айыл-чарба тармагындагы потенциалдуу долбоорлор жана анын багыттары боюнча маалымат берүү үчүн, Сокулук районунда быйылкы жылы социалдык контрактты алуучулар менен жолугушуу уюштурду. Бүгүнкү күндө социалдык контракттын алкагында аарычылык багытында 144 бизнес-долбоор ишке ашырылууда.
Уюштурулган иш-чара 2024-жылы пландалып жаткан социалдык контрактты ишке ашырууга туура багыт берүү жана бизнес-долбоор жазууда рентабельдүү, туруктуу киреше алып келген долбоорлорду жазуу боюнча сунуштар берилди. Кулпунай, малина өстүрүү, майда жандыктар, балык, тоок багуу, ошондой эле аарычылык багытты өнүктүрүү боюнча кеңири окутуу иштери жүргүзүлдү жана бизнес-долбоорлорду жазуу боюнча багыттар берилди. Бул иш-чара Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурулду.
Ошону менен бирге, КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) колдоосу менен социалдык контракт алуучу жарандарга финансылык сабаттуулук боюнча окутууларды жүргүзүүгө даяр экендигин билдиришти.
Бул тууралуу кызыктар органдарынын өкүлдөрүнүн, өнөктөштөрдүн катышуусунда талкууланды.

Связанный пост