Эмгек министрлиги: 2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго чейин көбөйгөн.
Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт, алардын ичинен:
18 жашка чейинки балдар – 194 адам;
майыптыгы бар адамдар – 215 адам;
ата-энелер – 2 адам.