Эмгек министрлиги: 2 жылда мекендештерге 350дөн ашык “Мекен-карт” берилди
Эки жылда чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге 350дөн ашык “Мекен-карт” берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 13-мартынан тарта Кыргызстанда чет өлкөнүн жарандыгын алкагын мекендештерге “Мекен-карт” бериле баштаган. Бул Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан.
Ишке киргизилгенден тартып 2025-жылдын 31-августуна чейин жалпысынан 403 өтүнмө кабыл алынып, анын ичинен 358и жактырылып, 9 четке кагылган. Ал эми 2025-жылдын башынан 30-сентябрына чейин 93 өтүнмө кабыл алынып, анын ичинен 121и жактырылган.
“Мекен-картаны” ишке киргизүү чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышты бекемдеп, алардын Кыргызстанда иштөөсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.