Эмгек министрлиги 10 айда 92 миңден ашуун жаранды убактылуу ишке орноштурду

2024-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан республика боюнча убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 9164 адам тартылды. Бул тууралуу ведомстонун басма сөз кызматы билдирет.

 

Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган жарандарга эмгек акысын төлөө максатында республикалык бюджеттен 23,5 млн. сом төлөнүп берилди.

 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорлорунун алкагында республика боюнча айыл өкмөттөрүндө 467 инфраструктуралык, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоор ишке ашырылган. Бул долбоорлорго жалпысынан 12334 аз камсыз болгон үй-бүлө же 61276 адам катышып, долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 3183 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) таратылган.

 

Ошондой эле, республиканын айрым шаарларында жашаган калктын аярлуу катмарына “Жумушка (окутууга) накталай акча” схемасы боюнча чукул жардам көрсөтүүгө байланыштуу 157 долбоор ишке ашырылган. Бул долбоорлорго жалпысынан 3953 аз камсыз болгон үй-бүлө же 21775 бенефициар катышкан. Бул долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 47 704 853 сом накталай акча бөлүштүрүлдү.

 

Долбоордун алкагында республика боюнча көчөлөрдө арыктарды тазалоо, автоунаа жолдорунун жээктерин кенейтүү, тротуар куруу, турмуш тиричилик калдыктарын төгүүчү жайдын айланасын, жайыттарды, суу резервуарларын тосуу, көптөгөн айыл-аймактарда жаңы көпүрө куруу, эски көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө иштери, жаңы калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоого суу линияларын тартуу, көчөттөрдү (арча, роза, гүл бактар) отургузуп жашылдандыруу, кыз-келиндерди кол өнөрчүлүк ыкмаларына, массаж боюнча, тигүү курстарына окутуп, иш менен камсыз кылуу, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин колдоо максатында окутуу иштери жүргүзүлдү жана башка көптөгөн жумуштар аткарылды.

Связанный пост