Эмгек министри жылдын II жарымына карата артыкчылыктарды белгиледи

 Эмгек министри жылдын II жарымына карата артыкчылыктарды белгиледи

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кеңейтилген коллегиялык жыйыны өтүп, министрликтин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды.

Жыйында министр Равшанбек Сабиров министрликтин төмөнкү негизги өнүгүү багыттарына токтолду:

  • 2030-жылга чейинки Улуттук программаны бекитүү жөнүндө президенттин жарлыгын ишке ашыруу;
  • министрликтин пландарын адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык максаттарга ылайыкташтыруу;
  • программалык документтер менен гана чектелбестен, тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга басым жасоо;
  • министрликтин 100 жылдык мааракесинин алдында өзгөчө жоопкерчилик менен иш алып баруу;
  • демографиялык саясатты күчөтүү.

Мындан тышкары, министр 2025-жылы министрликтин бюджети 20 млрд сомдон ашканын, бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 91 пайызга жогорулаганын ббелгиледи.

Жыйындын соңунда коллегия мүчөлөрү талкууланган баяндамалардын негизинде сунуштарды берип, министрликтин экинчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алышты. Бул чечимдер социалдык саясаттын натыйжалуулугун арттырууга жана министрликтин иштерин өркүндөтүүгө багытталган.

Связанный пост