“ЭлКат” компаниясынын мамлекеттик башкарууга өткөндөн берки кирешеси 32 пайызга өстү

 “ЭлКат” компаниясынын мамлекеттик башкарууга өткөндөн берки кирешеси 32 пайызга өстү

“ЭлКат” ЖЧКсы мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери кирешесин 32 пайызга, таза пайдасын 65 пайызга жогорулатууга жетишти. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын январь-июнь айларында компаниясынын кирешеси 935,7 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 229 млн сомго көп болуп, өсүш 32 пайызды түздү. Ошол эле учурда таза пайда 97,7 млн сомго көбөйүп, 65 пайызга өстү.

Компания мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин операциялык натыйжалуулук жогорулап, каржылык абал бир кыйла жакшырды. Компаниянын буга чейин 138 млн сом карызы болгон, аталган карызды кыска мөөнөт ичинде 100 пайызга төлөнүп берилди.

“Бул компанияда да кыска убакыттын ичинде жакшы натыйжа болду. Президент Садыр Жапаров койгон тапшырмалардын негизинде киреше да, таза пайда да өсүп жатат. Мунун баары мамлекеттик активдерди эффективдүү башкаруунун үлгүсү”, – деди президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев.

Связанный пост