Электросамокат, гироскутер. Кабмин бир нече дөңгөлөктүү каражаттарды колдонууну жөнгө салды

Министрлер кабинети электросамокат, гироскутер сыяктуу бир нече дөңгөлөктүү каражаттарды эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин тиркемеге ылайык токтом менен бекитти.
Бул токтом жеке мобилдүүлүк каражаттарын ( ЖМК) эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартиби жеке мобилдүүлүк каражаттарын убактылуу пайдаланууга киреге жана ижарага берүү кызматтарын акысына көрсөтүү боюнча юридикалык жана жеке жактардын ишин жүзөгө ашырууга коюлуучу талаптарды, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мындай жактардын ишин жөнгө салуу тартибин аныктайт.
Белгилей кетсек ЖМКны колдонуунун бардык аспекттерин, эксплуатациялоо эрежеси, киреге жана ижарага коюлган талаптар, эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликтерди жана башка учурларды кошуп караганда жөнгө салуучу бирдиктүү мыйзам базасы жок. Бул процесстин бардык катышуучулары – колдонуучулардан тартып ижарага берилүүчү каражаттардын ээлери үчүн укуктук белгисиздикке жана тобокелдикке алып келген.
Бекитилип жаткан тартиптин алкагында, ЖМКны эксплуатациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу сунушталат. Тартип жөө адамдар жана ЖМКны колдонуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле аларды эксплуатациялоодо жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган.
Маалымат үчүн: Жеке мобилдүүлүк каражаты – кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсү үчүн арналган бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты, ага электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр кирет жана алар муну менен гана чектелбейт.