Электромобилдерди өндүргөн кытайлык компания Кыргызстан рыногуна чыгууну пландаштырууда 

2024-жылдын 3-октябрында Ташкентте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстан Республикасындагы соода өкүлү Алмаз Темирбековдун Кытайдын электр транспорт рыногундагы лидерлеринин бири болгон «Neta Motors» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Электромобилдер жана үч дөңгөлөктүү мотоциклдерди чыгарууга адистешкен кытайлык компания Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн же филиалын ачууну көздөп жаткандыгын билдирди.
Бул кадам эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын бекемдеп гана тим болбостон, аймакта экологиялык таза технологияларды жайылтууда негизги ролду ойношу мүмкүн.
Кыргызстандын өкүлдөрү мындай долбоорлордун өлкөнүн инновациялык потенциалынын өсүшүнө тийгизе турган чоң таасирин баса белгилешти.
Алдыңкы электр транспорту өндүрүүчүсүнүн өкүлчүлүгүнүн ачылышы жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана алдыңкы технологияларды киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кытайлык тарап менен кызматташуу кыргыз компанияларына туруктуу өнүгүү жана заманбап транспорттук чечимдер жаатындагы эл аралык стандарттарга жетүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн инфраструктурасын экологиялык жактан таза келечекке тезирээк өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

 

Связанный пост