Электромобилдер үчүн жеңилдик мөөнөтү аяктоодо

 Электромобилдер үчүн жеңилдик мөөнөтү аяктоодо

Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымысыз алып кирүү үчүн бөлүнгөн квота аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирип, жарандарды унаа ташып келүүнү алдын ала пландаштырууга чакырат.

Бажы кызматы 2026-жылга өлкө боюнча жалпы 15 миң электромобилге жеңилдик берилгенин эскертет.

“Квотанын канчасы калганын билүү үчүн Бажы кызматынын расмий “customs.kg” сайтында атайын онлайн-эсептегич иштеп жатат. Ал жерден реалдуу убакыт режиминде калган унаалардын санын көрүүгө болот”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бөлүнгөн квота толугу менен бүтөрү менен, электромобилдерди алып кирүүдө ЕАЭБдин бирдиктүү тарифине ылайык, унаанын бажы наркынан 15% өлчөмүндө бажы алымы алына баштайт.

Связанный пост