«Электр станциялары» ААК Каскад Таш-Көмүр ГЭСи күз-кыш мезгилине даяр

 «Электр станциялары» ААК Каскад Таш-Көмүр ГЭСи күз-кыш мезгилине даяр

КТК ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктар бүткөрүлүүдө. «Электр станциялар» ААКнун филиалдарында бекитилген графикке ылайык, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктары аяктап жатат. Белгилей кетсек, даярдоо чараларынын комплекси максималдуу энергетикалык жүктөмдөрдүн жабдууларды жана гидротехникалык курулмаларды ишенимдүү жана коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга багытталган.

 

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында КТК ГЭСинде бир катар иштер бүткөрүлдү. Мындан, пландын негизинде КТК ГЭСи күз-кыш мезгилиндеги 2023/2024 жылдардын утурумдук жана капиталдык жумуштарды аяктоодо. Бүгүнкү күндө КТК ГЭСинде төмөнкүдөй иштер аткарылды:

– ГА-1, 2, 3 гидроагрегаттары оңдолду;

– Т-1, 2, 3 трансформаторлор оңдолуп бүткөрүлдү.

– 220 кВ тышкы бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн жабдууларын утурумдук ондоо иштери аяктады.

 

Шамалды-Сай ГЭСи боюнча күз – кыш мезгилине төмөнкү иштер аткарылды:

– ГА-1 гидроагрегаттын капиталдык оңдоо;

– ГА-3 гидроагрегатты орто оңдоо;

– ГА-2 гидроагрегатты учурдагы оңдоо;

– Т-1, 2 трансформаторлорун учурдагы оңдоо иштери толугу менен аткарылды.

 

Уч-Коргон ГЭСи боюнча утурумдук,капиталдык төмөнкү ондоо иштери бүткөрүлдү:

– ГА-1 гидроагрегатты капиталдык оңдоо;

– ГА-2, 3, 4 гидроагрегаттарды учурдагы оңдоо;

– Т-1, 2 трансформаторун учурдагы оңдоо;

– 110 кВ тышкы бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн жабдууларын учурдагы оңдоо.

Жалпысынан Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтеринин негизги жана көмөкчү жабдуулары келерки 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде максималдуу жүктү көтөрүүгө даяр.

Связанный пост