Элдик Банк жана АӨБ Кыргызстандагы дыйкандарды колдоо долбоорун ишке ашырууда

“Элдик Банк” ААК Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга киришти. Бүгүн “Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору Чжэн Ву бул Долбоордук макулдашууга кол коюшту.

Долбоордун алкагында Элдик Банкка 13 миллион АКШ долларына барабар суммасында улуттук валютада субсидияланган кредит берилет. Бул каражаттар өлкөнүн мөмө-жемиш тармагында иштеген юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жеңилдетилген кредиттер катары берилет.

Аталган кредит каражаттары төмөнкүдөй берилет:

  • 5 миллион АКШ долларына чейин (улуттук валютага эквивалент);
  • 10 жылга чейинки мөөнөткө;
  • пайыздык чен – жылдык 6%.
  • НПЧ 6,23% баштап

Кредит айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана агробизнестин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган негизги каражаттарга инвестиция катары колдонулат.

Негизги каржылоо багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Жаңы транспорт каражаттарын жана жабдууларды сатып алууну кошо алганда, мөмө-жемиш азыктарын жыйналгандан кийинки сактоо, кайра иштетүү жана сатуу;
  • Айыл чарба технологияларын жана логистиканы өндүрүү жана/же жеткирүү, ошондой эле мөмө-жемиш өндүрүү үчүн зарыл болгон айыл чарба ресурстарын жана кызматтарын камсыздоо;
  • эгерде мындай чыгымдар долбоордун талаптарына жооп берсе, имараттарды жана курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана оңдоо;
  • Кошумча нарк менен жабдууларга инвестициялар.

«Бул долбоор эл аралык өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын экономикасын кандайча бекемдеп жатканынын ачык мисалы болуп саналат. Биз айыл чарбасы – туруктуу өсүүнүн жана экспорттун булагы болушун камсыздоо үчүн дыйкандарды жана кайра иштетүүчүлөрдү туруктуу колдоо системасын түзүп жатабыз», – деп белгиледи Уланбек Ногаев.

«Биз Элдик Банкты, Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) колдогон «Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу айыл чарба нарк чынжырларын өнүктүрүү долбооруна» кошулган дагы бир каржылык уюм катары кубануу менен тосуп алабыз.

Элдик Банктын кеңири тармагы жана тажрыйбасы багбанчылык тармагындагы чакан жана орто айыл чарба ишканалары үчүн максаттуу жана жеткиликтүү каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө жардам берет. Бул климаттык туруктуулукту чыңдоого жана айыл жергесиндеги жашоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт», – деп белгиледи Чжэн Ву, АӨБнин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору.

«Айыл чарбасында климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору жаңы жана кайра иштетилген мөмө-жемиш азыктарын ички жана эл аралык рынокторго берүүнү көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Демилгенин негизги максаты – өндүрүш-жеткирүү чынжырларын чыңдоо жана өнүктүрүү, булар продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана сапатын жакшыртууга гана эмес, ошондой эле өндүрүшкө, сактоого жана кайра иштетүү процесстерине заманбап технологияларды колдонууга, ошону менен бирге, Кыргызтандын продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Долбоорду ишке ашыруу айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жана өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо орчундуу кадам болот.

Связанный пост