Эл өкүлү ЖОЖдордо контракттык окуу акысы кескин жогорулаганын айтты
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында келишимдик негизде (контракт) окутуунун баасы кескин жогорулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, келишим акысынын эң төмөнкү баасы 29 миң 500 сомду түзсө, эң жогорку чеги 288 миң 585 сомго жеткен. Ошондой эле айрым учурларда окуу акысы чет элдик валюта менен төлөнүп, болжол менен 7 миң 500 долларды түзөрү белгиленди.
Депутат мындай баалар өтө жогору экенин, өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оорчулук жаратарын баса белгиледи.