Эл өкүлү таштанды таштагандарды коомдук иштерге тартууну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого чакырды.
Документ биринчи окууда кароого киргизилип, анда 114, 115 жана 116-беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Депутаттын айтымында, таштанды таштагандар үчүн учурдагы 5 миң сомдук айып пул айрым учурларда жетиштүү деңгээлде натыйжа бербей жатат.
“Мен коомдук жумуштарды киргизүүнү сунуштайм. Эгерде адам таштанды таштаса, ага айып пул эле салбастан, башкаларга сабак болушу үчүн коомдук жумуштарга да тартуу керек”, – деп белгиледи ал.
Бекешев сот тутумуна кошумча күч келтирбөө үчүн бул норманы экинчи окууга чейин деталдуу иштеп чыгуу сунушталып жатканын кошумчалады.