Элүү миңден ашык кыргызстандык биринчи жолу пенсиялык төлөм алды

 Элүү миңден ашык кыргызстандык биринчи жолу пенсиялык төлөм алды

Социалдык фонд 2025-жылдын январынан октябрына чейин 50 495 жаранга пенсия дайындалганын билдирди.

2025-жылдын октябрь айында:

  • 3 705 жаранга биринчи жолу пенсия дайындалган;
  • 1 307 пенсионерге кошумча документтердин негизинде, анын ичинде эмгек стажы, айлык акы, билим жана майыптык жөнүндө маалыматтар каралып, пенсия кайра эсептелген.

Социалдык фонд жарандар пенсия дайындоого жана кайра эсептөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча 1202 телефону аркылуу байланыш борборуна кайрыла ала тургандыгын эскертет.

Связанный пост