Экономика министри ири жеткирүүчүлөрдү социалдык товарлардын баасын төмөндөтүүгө чакырды

 Экономика министри ири жеткирүүчүлөрдү социалдык товарлардын баасын төмөндөтүүгө чакырды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков социалдык маанидеги товарларды жеткирүүчү ири ата мекендик компаниялар менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга борбор калаанын төрт районунун салык кызматтарынын өкүлдөрү да катышты.

Министр жолугушууда катышуучуларга кайрылып, негизги керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын төмөндөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Биз борбордогу ири гипермаркеттер жана базарлар менен тыгыз иш алып баруудабыз. Алар тараптан түшүнүү жана баанын төмөндөшүнүн белгилүү натыйжаларын көрүп жатабыз. Бардык тараптар баа саясатын кайра карап чыгышы керек. Бул жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүүдө. Биз сиздерден чыгым менен иштөөнү талап кылбайбыз. Болгону акылга сыярлык баа саясатын кароону сунуштайбыз”, – деди Сыдыков.

Ошондой эле ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соңку күндөрү көзөмөлдү күчөтүп, эки күндө 30дан ашык административдик айып пул салынганын кошумчалады.

“Экономика жана коммерциялык министрлиги Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен бирдикте керектөө рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында баа түзүүнүн абалына мониторинг жүргүзүүнү улантат”,-деп белгиледи ал.

Связанный пост