Эки Улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери кызматтан бошотулду

Текшерүүнүн жыйынтыгында жана өлүм көрсөткүчүнүн жогору болушуна байланыштуу республикадагы эки Улуттук кардиологиялык кызматтын жетекчилери кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим күн мурун саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна жүргүзүлгөн көчмө текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешмеде кабыл алынган.

Тактап айтканда, аталган ооруканаларда тез жардам көрсөтүүдө, медициналык жабдууларды, сарпталуучу материалдарды сактоо жана колдонууда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Министр эки медициналык борбордун ортосундагы байланыштын жоктугун жана иштин начар уюштурулганын кескин сынга алды.

“Жабдуулар иштебей туруп калса, процесстер уюштурулбаса, ал эми өлүм көрсөткүчү өсүп жатса — бул техника маселеси эмес, ишке болгон мамиле. Бул сиздердин абийириңиздерде”, — деди министр.

Кеңешменин жыйынтыгында министр кыска мөөнөттө ЖХОТИИИни зарыл медициналык жабдуулар менен толук камсыздоону, ал эми УКТБда реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографияны сутка бою жүргүзүүнү камсыз кылууну жана ангиографтарды клиникалык протоколдорго так ылайык колдонуп, тромболизисти негизсиз пайдаланбоону тапшырды.

Связанный пост