Египеттин Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Терең руханий мааниси бар Курман айт майрамы бизди бириктирип турган асыл баалуулуктарды эске салып, күч-аракеттерибизди активдештирүүгө, элибиздин мүдөө-тилектерин орундатууга жана келечек муундар үчүн кыйла жаркын жана гүлдөп-өнүккөн келечекти ишке ашырууга жамааттык берилгендикти жандандырууга чакырат», – деп айтылат куттуктоодо.