Эгемендүүлүк күнүнө карата энергетика тармагында 11 обьект ишке кирди

Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө аймагында 11 энергетикалык обьект ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул обьектилер министрлер кабинети тарабынан ишке берилген 100 обьектинин катарын толуктады. Анын ичинен:

4 чакан ГЭС:

  • Аксы ГЭСи – 4,75 МВт. Аксы районун, Кызыл-Көл айылында жайгашкан;
  • Ысык-Ата-2 ГЭСи- 4 МВт. Ысык-Ата районунда жайгашкан;
  • Боз-Учук ГЭСи – 5,5 МВт. Ак-Суу району, Жаны-Арык айылында жайгашкан;
  • Кой-Суу ГЭСи – 9 МВт. Ысык-Көл району.

2 Көмүр кени:

  • Кожо-Келең көмүр кени;
  • Бешбурхан көмүр кени;

2 цех:

  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасына таандык трансформаторлорду оңдоо цехи;
  • Ош электр тармактар ишканасына таандык “Темир-бетон буюмдарын жасоо цехи” курулду;

2 имарат:

  • Араван РЭТине караштуу Чек-Абад УЭСинин кызматтык имараты;
  • “Электр станциялар” ААКтын административдик имараты;

1 көмөк чордон:

  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасына таандык 110/35/10кВ “Бозбу” көмөк чордонуна

Энергетика министри Таалайбек Ибраев пайдаланууга берилген ар бир обьектини өзү текшерип чыгып, кесиптештеринин ишине ийгилик каалады.

Связанный пост