ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Чолпон-Атага келди
![ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Чолпон-Атага келди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/foto-prilet_miasnikovicha_v_cholpan-atu-24_08_2022.730x0.jpg)
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы Чолпон-Ата шаарына келди.
Маалыматка ылайык, Мясникович 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Мындан тышкары, Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Мындан улам Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет.