Эдил Байсалов Япония элчиси менен дипмиссиясынын аякташына байланыштуу жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту.

Жолугушууда Эдил Байсалов элчинин кыргыз-япон мамилелерин чыңдоого, саясий диалогду өнүктүрүүгө, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын белгиледи. Ал Япония өкмөтүнө туруктуу өнүктүрүү жана инфраструктураны модернизациялоо программаларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстандын аймактагы ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Элчи Года Хидэки өз кезегинде кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Эдил Байсалов элчиге мындан аркы кесиптик иштерине ийгиликтерди каалады.

Связанный пост