Эдил Байсалов Украинанын элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык саясаттын жана кыргыз-украин эки тараптуу мамилелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарап Украинадагы кан төгүүнү тез арада токтотуу жана гуманитардык ой-пикирлердин артыкчылыгынан келип чыккан саясий-дипломатиялык жөнгө салууга жетишүү боюнча эл аралык сүйлөшүү демилгелерин колдоо зарылдыгынан келип чыккан өзүнүн бекем позициясын билдирди.

Жыйынтыгында үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды колдоого жана талкууланган маселелер боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга эки тараптын тең даярдыгы ырасталды.

Связанный пост