Эдил Байсалов Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

 Эдил Байсалов Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

 

Жолугушууда тараптар уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары боюнча пикир алышты.

 

Башкы катчы кыргыз тараптын уюмдун ишине активдүү катышып жатканына канааттануусун билдирди. Атап айтканда, ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн энергетика, ички иштер, туризм жана башка ведомстволорунун министрлеринин Кыргызстанда өткөн жолугушууларын белгиледи.

Связанный пост