Эдил Байсалов Россия президентинин администрация өкүлдөрүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россия президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титовду кабыл алды.

Эдил Байсалов Вадим Титовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын иши эки тараптуу кызматташуунун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишенерин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин, анын ичинде стратегиялык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, ведомстволор аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле социалдык-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Связанный пост