Эдил Байсалов: Мектепти трансформациялоо – Кыргызстандын тагдырын өзгөртө турган жол
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов борбор калаадагы № 67 Т. Үмөталиев атындагы орто мектепте жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйынга катышты.
Эдил Байсалов өз сөзүндө мектептик билим берүүнү трансформациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында ишке ашырылып жаткан негизги реформалардын бири экендигин белгиледи.
“Мамлекет башчысы алдыга максат койду – Кыргызстанды жогорку өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргизүү жана ага жетүүнүн бирден-бир жолу – адамдык капиталга инвестиция. Дал ушул тапта мектептерде Кыргызстандын келечеги жана жарандардын жаңы муунун калыптанууда, алар чыгармачыл, тапкыч, акылдуу жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө тез ыңгайлаша ала турган болуп чоңоюшу керек”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.
Эдил Байсалов билим сапаты жана мугалимдердин эмгеги эң ийгиликтүү окуучулардын жетишкендиктери менен гана эмес, окууда кыйынчылыктарга туш болгон балдардын билим деңгээли менен да баалана турганын белгиледи.
“Ар бир бала уникалдуу жана таланттуу. Бул жарым-жартылай өзгөртүүлөр жөнүндө эмес, бүтүндөй билим берүү системасынын терең өзгөрүшү жөнүндө”, – деди ал.
Учурда Кыргызстанда дээрлик 2500 мектепте 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алууда.
№ 67 Т. Үмөталиев атындагы мектептеги салтанаттуу жыйын 2025-2026-окуу жылынын башталышын белгилеген майрамдык концерт жана биринчи коңгуроо менен аяктады.