Эдил Байсалов мектеп реформасын практика жүзүндө ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кочкор районунун жана Балыкчы шаарынын жалпы билим берүү мекемелерине иш сапары менен барып, ал жерде педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Иш сапары жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарын киргизүү, мектептерди ноутбуктар менен камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин «Алтын Казык» программасынын алкагында санариптик билим берүү платформаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында уюштурулган.
Мугалимдер жана мектеп жетекчилиги менен болгон жолугушууларда жаңы окуу китептерин колдонуу, санариптик билим берүү ресурстарын пайдалануу, ошондой эле жер-жерлерде келип чыккан кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр талкууланды. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан онлайн-платформалар аркылуу педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
МинКаб төрагасынын орун басары мугалимдерден келген пикирлер билим берүү реформаларын ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги элементи болуп саналарын баса белгилеп, бардык айтылган сунуштар жана сын-пикирлер жалпыланып, мындан аркы иште эске алынарына ишендирди.
Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү да катышты.

Связанный пост