Эдил Байсалов Индиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 Эдил Байсалов Индиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сылык иш сапары менен келген Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Тараптар ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы салттуу достуктун жана өнөктөштүктүн духунда өз ара пайдалуу демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Связанный пост