Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрктүн жолугушуусу болду.
Баарлашууда МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерине токтолуп, акыркы төрт жылда жарандардын жашоо деңгээли бир топ жогорулаганын, мыйзамдуулукту куруудагы, бекемдөөдөгү жана уюшкан кылмыштуулукту жоюудагы ийгиликтерди белгиледи.
Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы өлкөнүн Конституциясында жана эл аралык конвенцияларда каралган жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого дайым умтулаарын белгиледи. Ал Жогорку комиссарга адам укуктары жаатындагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, анын бардык кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Фолькер Түрккө адам укуктарын жана эркиндиктерин дүйнө жүзү боюнча жайылтуудагы лидерлиги үчүн ыраазычылык билдирди.
“Биз сиздин Израил-Палестина чатагы боюнча туруктуу принципиалдуу позицияңызды өзгөчө жогору баалайбыз жана биз сиздин бул көз карашыңызды бүткүл Бириккен Улуттар Уюму аркылуу мындан ары да коргоого чакырабыз”, – деди Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов Газада жакында болгон аба соккусунан улам БУУнун бир кызматкеринин курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
“БУУнун Газадагы Долбоордук Кызматтар кеңсесинин кызматкеринин өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин соккуларынан он миңдеген бейкүнөө балдар менен аялдарды эсепке албаганда, БУУнун кеминде 280 кызматкери набыт болду. Кыргыз Республикасы Газадагы зордук-зомбулукту токтоосуз токтотууга чакырат жана БУУнун аракеттерине тилектештигин билдирет”, – деди Эдил Байсалов.
Маалымат үчүн: БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Кыргыз Республикасына акыркы сапары 2012-жылы болгон, анда Нави Пиллай өлкөгө келген. Учурда Кыргыз Республикасы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги эки жылдык мүчөлүгүн аяктап жатат.