Эдил Байсалов Брюсселде бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

 Эдил Байсалов Брюсселде бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Edil Baisalov, Margaritis Schinas

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Европа Биримдигинин институттарына болгон жумуш сапарынын алкагында Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Шинас менен жолугушту.

 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелердин дэңгээлин жогорулатууну, ошондой эле быйылкы жылы өткөрүлгөн эки тараптуу жана аймактар аралык иш-чаралардын жыйынтыктарынын маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Эдил Байсалов маектешине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, социалдык-экономикалык өнүгүү жана туруктуу өнүгүүгө жетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле алар адам укуктары жана демократия жаатындагы маселелерди кеңири талкуулашты.

 

Соода-экономикалык жана транспорттук байланышты чыңдоо мамилелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап климаттык өзгөрүшкө адаптациялануу жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-чаралардын планынын алкагында тыгыз кызматташууну мындан ары да күчөтүү сунушун киргизди.

 

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгелеген «Тоолор жана климат» маселеси боюнча жаңы глобалдык диалогдорду түзүүгө көңүл бурду.

 

Визиттин алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Европа Биримдигинин институттарынын жооптуу өкүлдөрү менен дагы бир катар жолугушууларды өткөрдү, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери кеңири талкууланды.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө боюнча тыгыз иш алып баруу зарылдыгы жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Связанный пост