Эдил Байсалов: Биз Палестина элине жардам берүүгө милдеттүүбүз
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катардын Доха шаарында өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында өткөн Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.
«Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө – бул биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап кылган трагедия. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Бирок өзгөчө тилектештик сөздөрү Палестина элине арналат, алар бүгүнкү күндө 100 пайыз жасалма жол менен пайда болгон ачкачылыкты – эл аралык кылмыштын бир түрүн башынан кечирүүдө», – деп билдирди саммиттин трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө минкаб төрагасынын орун басары.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстан жакырчылыкты жоюу жана бардыгын азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча универсалдуу максаттарды бөлүшүп, ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска кошулганын белгиледи. Ал миллиондогон адамдар эң элементардык укуктан – жашоо жана тамактануу укугунан ажыратылганына адамзат чыдай албасын баса белгиледи.
Маалымат үчүн: Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде БУУнун №1 “Жакырчылыкты жоюу” жана №2 “Ачкачылыкты жоюу” туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн түзүлгөн. Учурда анын курамына 104 мамлекет кирет. Кыргыз Республикасынын делегациясы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында Доха шаарында (Катар мамлекети) өтүп жаткан социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммитке катышууда.