Эдиль Байсалов бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бишкек шаарында бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бильярд боюнча атамекендик чемпиондорубуздун сиңирген эмгегинин аркасында биз кыргыз жеринде ушундай деңгээлдеги турнирди өткөрүү сыймыгына ээ болдук. Мелдешке дүйнөнүн алдыңкы спортчулары катышууда. Кыргызстанга кош келиңиздер”, – деди Эдиль Байсалов.
Ал республиканын жылдын төрт мезгили ичинде спорттун бардык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүүгө даярдыгын белгиледи.
Мелдешке дүйнөнүн 20дай өлкөсүнөн 200гө жакын спортчулары катышууда. Дүйнө чемпионаты ушул жылдын 2-мартына чейин уланат.