Эдил Байсалов Азербайжандын маданият министри менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азербайжандын маданият министри Адил Каримли менен жолугушуп, маданий байланыштарды талкуулады.
“Биз Азербайжан менен түзүлгөн бир туугандык мамилелерди жогору баалайбыз. Биздин маданий байланыштарыбыз терең тарыхый тамырларга ээ жана жалпы баалуулуктарга негизделгени талашсыз”, -деп сөзүн баштаган минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов, 2024-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү чоң ийгилик менен өткөнүн белгиледи.
Ошондой эле минкаб башчысынын орун басары маданий карым катыштын бекемделип жатканын айтып, эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу «Бейиш эненин таман астында» аттуу кыргыз тасмасы Баку шаарында көрсөтүлгөнүн, 2024-жылдын декабрь айында Бишкекте Азербайжан мамлекеттик пантомима театры Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Маңкурт” спектаклин тартуулаганына токтолду. Ошол эле учурда азербайжандын көрүнүктүү драматургу Хусейн Жавиддин пьесасынын негизинде “Иблис” спектакли, 2025-жылдын 1-апрелинен 5-апрелине чейин Баку шаарындагы Азербайжан драма театрынын сахнасында “Коркут Ата” спектакли көрсөтүлгөнүн белгиледи.
“Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңыз Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышына байланыштуу өзгөчө мааниге ээ”, – деди Эдил Байсалов.
Өз кезегинде Азербайжадын маданият министри Адил Каримли жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, бул күндөрү өтүп жаткан Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрү мыкты деңгээлде башталганын белгиледи.
Минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Азербайжандын маданият министрин Кыргызстанга келип, 2025-жылдын августунда өтө турган Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалына, ошондой эле 2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.